BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Башкы кабарлар

Күндүн видеосу өткөрүп, улантуу

Күндүн видеосу

  • a collage
  • a collage
  • collage
  • a collage
  • a woman with her daughter
  • a collage
  • спорт
  • согуш
  • спорт
  • айсберг
  • спорт
  • спорт

Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз

Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз

Редактордун тандоосу

  • Чоң-Кара

    "Чек арадан өтө албай кыйналганды эстегенде ыйлагым келет". Өзбекстандагы эки айыл Кыргызстанга өттү, каттоо иши башталды

    Кыргыз - өзбек макулдашуусунун негизинде Кыргызстанга өткөрүлгөн Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарынын тургундары эми көп жылдык чек ара көйгөйлөрүнөн кутулабыз деп турушат. Быйыл июнь айында кыргыз өкмөтү Өзбекстанга караган Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдары жашоочулары менен бирге Кыргызстанга өтүп жатканын жарыялаган. Ушул тапта аталган айылдарды Кыргызстанга расмий өткөрүп алуу иштери башталды. Эки айылда жалпысынан 2500дөй киши, негизинен кыргыздар жашайт.

  • Киев. 5-август, 2026-жыл

    Украина: Орусиянын түнкү чабуулунан 15 киши набыт болду

    5-августка караган түнү Киев жана Киев облусу Орусиянын жаңы жапырт чабуулуна кабылды. Маалыматтарга караганда, чабуулда баллистикалык ракеталар жана реактивдүү учкучсуз учактар колдонулган. Кеминде 15 адам каза болгону маалымдалды. Ошондой эле ири өрттөр катталып, алардын көбү кампаларда чыккан.

  • Аттила Азимов

    Европа өлкөлөрү өспүрүм киллерлерди жалдаган түйүндү ашкереледи

    Стокгольмдун чет жакасында кышкы түндөгү коюу караңгылыктан кара кийинген куралчан эркек чыкты. Ал "Макдональдстагы" жумушунан үйүнө кайтып бараткан 20 жаштагы студент Мурад Абдулкадрга жакындады. Куралчан адам ок ата баштады. Ал Абдулкадрга карай жакындап, биринин артынан экинчи окту ата берди. Мурад жерде сулап калганда, акыркы окту анын башына атты.

  •  Аскат Алагөзов

    Президенттин маалымат катчысы Кыргызстанда чет өлкөлүк куралдуу түзүмдөр жоктугун билдирди

    Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандар же куралдуу түзүмдөр кандайдыр бир объектилерди кайтарбай турганын билдирип, социалдык тармактарда тараган видеого комментарий берди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

  • t.me/Exilenova+

    Геленжикте украин дронунан жети адам, анын ичинде үч бала өлдү

    3-августта Украинанын учкучсуз учагы Краснодар крайындагы Геленжик шаарына жакын, Кара деңиздин жээгинде жайгашкан Архипо-Осиповка айылына сокку урду. Соккудан деңиздин жээгинде эс алып жүргөн жети киши, анын ичинде үч бала каза болгону маалым болду. Бул Геленжик аймагындагы эң оор дрон чабуулу болуп калды. Бул жерден 27 чакырым алыстыкта "Владимир Путиндин сарайы" деп аталып келген имарат жайгашкан.

  • Кылмыш

    "75чилердин иши": Прокуратура өкүмгө каршы апелляциялык арыз берди

    Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон иш боюнча сот жообуна тартылгандарга байланыштуу Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

  • Бала

    "Баланы бир апта аппарат менен кармап жаттык": Тогуз жашар баланын өлүмү

    Ойноп жүрүп токко урунуп, клиникалык өлүм абалында ооруканага түшкөн тогуз жашар бала каза болду. Бул маалыматты Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасы тастыктады.

  • "Адилетсиздикти биздин үй-бүлө көтөрө албай баратат". Ырыскүл Аранова сиңдиси Каныкей Аранова ак экенин билдирүүдө. 3-август, 2026-жыл

    "Кызы апасын сагынды". Жогорку сот Каныкей Аранованын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды

    Бүгүн, 3-августта Жогорку Сотто Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн үч жарым жылга соттолгон Каныкей Аранованын өтүнүчү каралды. Аранова жаңы жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароону суранган. Ал арызында соттук актылар негизсиз чыкканын, экспертизалардын жыйынтыгына макул эместинин жүйө келтирген.

  • Трамп

    АКШ менен Иран дүйшөмбүдө сүйлөшүүсү мүмкүн, бирок Тегеран азырынча тастыктай элек

    АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен жаңы сүйлөшүүлөр дүйшөмбү күнү башталышы мүмкүн экенин маалымдады. Ал бул тууралуу Иранга каршы даярдалып жаткан "ири масштабдагы" аскердик соккуларды токтотконун айткандан кийин билдирди. Бирок Тегеран сүйлөшүүлөрдүн качан өтөрүн жана ага катышууга даяр экенин азырынча ырастай элек.

  • Инфантино менен Трамп

    Катуу сындан кийин ФИФАнын башчысы планынан баш тартты

    ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын футбол конфедерацияларынын кескин нааразычылыгынан кийин дүйнө чемпионаттарын уюштуруу ишине жеке инвесторлорду тартуу сунушун кайтарып алды. "ФИФА биздин спортту өзүн жана досторун байытуу үчүн колдонгонду токтотушу керек", - деп билдирди УЕФА – Европанын футбол ассоциацияларынын союзу.

  • Павел Дуров

    Павел Дуровдун иши: Telegram орус бийлигинин кезектеги бутасыбы?

    ФСБ Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуровду террорчулукка көмөктөштү деп сырттан айыптады, ал эми Росфинмониторинг 30-июлда Дуровду "экстремисттердин жана террорчулардын" тизмесине киргизди. Би-Би-Си белгилүү мессенжердин колдонуучулары жана телеграм-каналдардын ээлери үчүн кандай тобокелдик жаралганы жана кандай сактык чараларын көрүш керектиги тууралуу медиа юристтерди кепке тартты.

  • үч президент

    Тажикстан чөлкөмгө мунай заводун курууну сунуштаса, Азербайжан Кыргызстанга күйүүчү май берүүгө дилгирлигин билдирди

    Украина-Орусия согушунун кесепетинен Кыргызстан күйүүчү май тартыштыгын башынан кечирип жатканда Азербайжан өлкөгө мунай жеткирүүгө даяр экенин ишарат кылды.

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

Көп окулгандар