Мазмунга өтүү

Фу-фу

Википедия дан
Фу-фу
тай. ฟูฟู
Түрү:

Ит

Тукуму:

Миниатюралык пудель

Жынысы:

Эркек

Туулган датасы:

1997(1997-00-00)

Туулган жери:

Бангкок, Таиланд

Каза болгон датасы:

0 -февраль 2015(2015-02-00)

Каза болгон жери:

Белгисиз, Таиланд

Өлкө:

 Таиланд

Кожоюну:

Маха Важиралонгкорн

Жумуш түрү:

Аба күчтөрүнүн башкы маршалы

Активдүү жылдары:

1997-2015

Фу-фу (тай. ฟูฟู) — Миниатюралык пудель[1], аба күчтөрүнүн офицери[2][3], ошондой эле Таиланддын мураскер ханзаадасы жана келечектеги падыша Маха Важиралонгкорндун үй жаныбары.

Фу-фу ханзааданын сүйүктүү жаныбары жана падыша кабыл алганда ар дайым коштоп жүргөн ит. Маханын айтымында, анын экинчи кызы Сириваннавари Нариратана болжол менен бир айлык күчүктү 1997-жылы Бангкоктогу Чатучак базарынан бир нече коён, хомяк жана башка иттер менен бирге сатып алган. «Ал абдан сүйкүмдүү, бирок абдан алсыз көрүнгөн» жана кызынын жаштыгынан улам сарай кызматкерлери итти жаныбарлардын баш калкалоочу жайына жайгаштырышкан[4][5]. 2006-жылдын декабрь айында Накхон Патхомдо өткөн үй жаныбарларынын шоусунда коомчулукка көрсөтүлүп, «ал сүрдүүлүктү көрсөтүп, акылдуу трюктарды жасаган»[6].

2001-жылы тартылган Важиралонгкорндун үчүнчү аялы ханайым Срирасминин 30 жаш туулган күнүн майрамдоо учурундагы видеосу, 2007-жылы массалык маалымат каражаттарына тарап кеткен, анда ханайым бир нече сарай кызматчыларынын алдында дээрлик жылаңачтанып, жерде жатып алып Фу-фунун жанында торт жеп жатканы көрсөтүлгөн[7][2]. Бир нече ай өткөндөн кийин, АКШнын элчиси Ральф Бойс мураскер ханзааданын урматына арналган мамлекеттик кечки тамакка чакырылган, кечеден кийин элчи, Фу-фу «Бутарына буткап кийип алып, расмий кечеде формалдуу кийимди кийип жүргөнүн» көргөн[2][8]. Бойс ошондой эле ит, Таиланддын падыша аба күчтөрүнүн башкы маршалы наамына «көтөрүлгөн» - деп билдирген[2]. 2010-жылы АКШнын дипломатиялык каттары ачыкка чыгып, Вашингтондогу элчиликтин телеграммасына ылайык, «кайсы бир [2007-жылдагы иш-чара] учурда экинчи топтун башкы столуна секирип туруп, коноктордун, анын ичинде менин суусундугумду иче баштады. Аба башкы маршалынын кылык-жоруктары 600дөн ашык көрүүчүнүн көңүлүн буруп, ушул күнгө чейин шаарда талкуунун чордону бойдон калууда»[2].

Фу-Фу 2015-жылы 17 жашында каза болгон[9]. Андан кийин төрт күндүк буддисттердин сөөк коюу каада-салттары жана итти кремациялоо менен коштолгон, анын сүрөттөрү Таиландда социалдык тармактарда кеңири тараган[10]. Итти акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө, тайлыктардын комментарийлери, падышанын мураскерине байланыштуу, тынчсыздануулардын кыйыр жана ирониялык чагылышы катары айтыла баштаган. катуу жазаларды камтыган улуу падышаны үй-бүлөсүн маскаралоога каршы мыйзамына байланыштуу Таиландда ачык айтуу мүмкүн эмес болгон[2]. Маха Важиралонгкорн 2016-жылы тактыга отуруп, падыша Рама X титулун алган[11].